Бекназ Алмазбеков дүйнөдөгү жаш футболчулардын рейтингине кирди

 Бекназ Алмазбеков дүйнөдөгү жаш футболчулардын рейтингине кирди

The Guardian гезити дүйнөдөгү 2005-жылкы 60 мыкты футболчунун рейтингин жарыялады. Рейтинге Кыргызстандын улуттук курама командасынын 17 жаштагы футболчусу Бекназ Алмазбеков кирди. Бул боюнча Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Алмазбеков учурда Түркиянын “Галатасарай” командасында ойнойт. Ал 2020-жылдын март айында Азия футбол конфедерациясы тарабынан жарыяланган Борбор Азиянын мыкты жети футболчусунун катарын толуктаган.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11-июнунда Кыргызстандын курамасы Азия кубогунун тандоо турунун алкагында Мьянманын командасы менен оюн өткөргөн. Анда Бекназ Алмазбеков алгачкы жолу улуттук курамда ойной баштаган.

Ал эми “Галатасарай” командасында (U-19) Алмазбеков быйылкы сезондо үч оюнда төрт гол киргизгенге жетишкен.

Жанылыктар