Бейшеналиевдин кызматка кайтуу маселеси кийинки жумада чечилет

 Бейшеналиевдин кызматка кайтуу  маселеси кийинки жумада чечилет
Кызматынан четтетилген министр Алымкадыр Бейшеналиевдин маселеси боюнча чечим кийинки жумада кабыл алынышы ыктымал. Бул тууралуу  президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Белгилей кетсек, 16-августта, кызматынан четтетилген министрдин жактоочусу ИИМ министрге карата козголгон кылмыш ишин кыскартканын билдирип, ал кайрадан cаламаттык сактоо министри болууга толук укуктуу экенин белгилеген. Көп өтпөй Алымкадыр Бейшеналиев кайрадан министр катары жумушка чыгууга даяр экенин маалымдап, президенттин чечимин күтүп жатканын кошумчалаган.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги президенттин маалымат кызматынан мамлекет башчы Бейшеналиевдин маселеси боюнча качан жана кандай чечим кабыл алынарын сураган.

Жанылыктар