Бейшеналиев:”Чет элдик студенттерди жаман көрбөшүбүз керек”

 Бейшеналиев:”Чет элдик студенттерди  жаман көрбөшүбүз керек”

Кыргызстанда экспорт жагынан туризмден кийинки кирешени билим берүү тармагы берип жатканын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев  билдирди.Анын айтуусунда учурда Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 82 миң чет элдик студент окуйт. Алардын жарымы Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан сыяктуу жакынкы чет өлкөлөрдөн келсе, калганы Индия, Пакистан ж.б. алыскы чет мамлекеттердин жарандары.Студенттердин басымдуу бөлүгү медициналык окуу жайларда билим алышат.Министрдин айтымында, алардын билим алууга төлөгөн келишим акчасынан мамлекеттик бюджетке 6 миллиондон ашуун доллар түшөт.
“Андан тышкары визага төлөшөт. Бул жерде батирлерде жашап, тамактанат. Акчасын бизде калтырып жатышат. Бул өлкөнүн экономикасына кошулган салым, ошондуктан, аларды жаман көрбөшүбүз керек”, – деди министр.
Алмазбек Бейшеналиев чет элдик студенттердин окуу акысын кеминде 3 миң долларга чейин көтөрүү сунушу өкмөткө берилгенин кошумчалады.Кыргызстанда ушу тапта 20 миңден ашуун чет элдик студент окуйт.

Жанылыктар