Бейшеналиев: дарыгерлердин айлыгы 50 же 100 пайызга көтөрүлөт

 Бейшеналиев: дарыгерлердин айлыгы 50 же 100 пайызга көтөрүлөт

Дарыгерлердин айлыгын 1-апрелден тарта 50 же 100 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйыны саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, минималдуу 50%, мүмкүн болсо 100%га чейин көтөрүлөт.

“Учурда участкалык дарыгердин айлыгы 10 миң сомду түзөт. Бирок эмгек стажына үстөк акыларды кошкондо 15-20 миң сомго жакын акча алышат. Калган дарыгерлердин айлыгы 7,5 миң сомду түзөт жана башка төлөмдөр менен 13 миң сомдон 15 миң сомго чейин алышат. Биз азыр сүйлөшүп жатабыз. Минумум 50 же 100 пайызга көтөрүлөт”, – деди Бейшеналиев.

 

Жанылыктар