Бажычылар 3 млн сомдук товарды жалган декларациялоо фактысын аныктады

 Бажычылар 3 млн сомдук товарды жалган декларациялоо фактысын аныктады

Бажычылар товарларды жалган декларациялоо фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Түштүк-Батыш бажысында “Volvo” үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унаадан 100 даана декларацияланбаган сплит-система табылган. Кармалган товардын жалпы орточо базар баасы 3 млн сомду түзөт.

Аталган факты боюнча материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.

Жанылыктар