Бажы кызматынын төрагасы 17-мартка чейин тергөө абагына камалды

Кечээ, 19-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбековду эки айга камакта калтыруу чечимин чыгарды. Ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында 17-мартка чейин болот.
17-январь күнү УКМК Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбековду коррупцияга шектеп кармаган.
Кубанычбеков бул кызматка өткөн жылдын 27-октябрында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун сунушу менен дайындалган болчу.