Бажы кызматынын мурдагы жетекчисине 1 млн сом айып салынды

 Бажы кызматынын мурдагы жетекчисине 1 млн сом айып салынды

Биринчи май райондук соту мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адилет Кубанычбековду күнөөлүү деп тапты.

Адилет Кубанычбековго карата козголгон иштин алкагында жеңилдетилген товарларды алып келүүгө катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын лоббирлөө, ал эми бажылык тариздөө мыйзамды одоно бузуу менен жүргүзүлүп, системалуу түрдө пара алуу үчүн бажы администрациясынан товарларды жашыруу схемалары колдонулуп келгени боюнча фактылар аныкталган.

Мындан тышкары, жеке баюу максатында мамлекеттин кызыкчылыгынын артына жашынып, туунду компаниялар тарабынан тышкы экономикалык иштин субъекттери үчүн бажы кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын негизсиз ашыра баалаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Кубанычбеков мамлекетке 51 миллион 220 миң сом өлчөмүндө зыяндын ордун толтурган. Ошондой эле кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча аныкталган фактыларды мойнуна алып, ага байланыштуу Кубанычбековдун баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

 

Жанылыктар