Бажы кызматы мамлекетке 170 млн сом зыян келтирилген факты аныкталганын билдирди

Мамлекеттик бажы кызматы жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустар боюнча маалыматтарды так эмес декларациялоо боюнча факты аныкталганын анын натыйжасында бажы төлөмдөрүнүн тийиштүү суммасы мамлекеттик бюджетке түшпөй калганын кабарлады.
Маалыматка караганда 2019-жылы автобустар менен бажы операциялары ЕАЭБ Бажы кодексин, ошондой эле ЕЭК Коллегиясынын жана ЕЭК Кеңешинин чечимдеринде каралган нормаларды бузуу менен жүргүзүлгөн.
“173,9 млн сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү толук төлөнбөгөн бажылык укук бузуулар болгондугуна байланыштуу (айыптык санкцияларды эсепке албаганда) материалдар Кылмыштардын бирдиктүү реестринин маалыматтык эсепке алуу журналынын автоматташтырылган маалыматтык системасында катталып, мыйзамга ылайык укуктук баа берүү жана кароо үчүн Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилген”,- деп айтылат маалыматта.
Бул боюнча башкы прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш иши козголду.