Базарга кеткен боюнча кайтып келген эмес. Өзгөндө 13 жашар кыз изделүүдө

 Базарга кеткен боюнча кайтып келген эмес. Өзгөндө 13 жашар кыз изделүүдө

Оштун Өзгөн районунун Куршаб айылында 13 жашар кыз изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 13 жаштагы Диана Маматкалилова 2-ноябрь күнү Өзгөн шаарынын борбордук базарына соода кылуу үчүн кетип, ошол бойдон үйүнө кайтып келген эмес.

Диананын кийген кийимдери: үстүндө кара көк түстөгү жеңи жок кемсел, ичинде ак түстөгү спорттук кийим, астында кара көк түстөгү спорттук шым, бутунда ак түстөгү бут кийим (красовка).

Өзгөчө белгилери: бою 155-160 см., дене түзүлүшү арыкчырай, ак жүздү, чачы кара түстө, узундугу 35-40 см., кашы-көзү кара, бетинин оң жагында кичине калы бар.

Жакындары 13 жаштагы Диана Маматкалилова тууралуу кандайдыр-бир маалымат болсо төмөнкү телефондорго кабарлап коюшунуздарды суранат:

тел.: 03233 5-06-36, 0550 334323, 0779 33 43 23, 0777 11 63 93, 0553 11 63 93.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар