Базар-Коргондун мурдагы мэрине кылмыш иши козголду

 Базар-Коргондун мурдагы мэрине кылмыш иши козголду

Базар-Коргон шаардык мэриясы 2021-2022-жылдары жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп бергендиги аныкталды. Бул тууралуу башка прокуратуранын басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, аталган факт боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголгон.

“Тергөөнүн жыйынтыгы менен Базар-Коргон шаарынын мурдагы мэри Т.И.А. КЖКнин 337-беренесинде жана 346-беренесинде (“Кызматтык жасалмачылык”) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен айыбы угузулуп, Базар-Коргон райондук сотуна негизинен кароо үчүн жиберилген”, – деп айтылат маалыматта.

Учурда кароо алдында турат.

Жанылыктар