Баткенге жардам катары 9 млн. сомдон ашык акча чогулду

 Баткенге жардам катары 9 млн. сомдон ашык акча чогулду

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке 9 миллион сомдон ашык акча жыйналды.

Каржы министрлигинен билдиришкендей, акыркы сааттарга карата 9 млн. 862 миң сом чогулган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркаган Баткен облусуна жана кагылыштан улам аргасыз жер которгон адамдарга гуманитардык жардам чогултуу, жөнөтүү уланууда. Бишкектеги Спорт сарайынын алдында Баткен облусуна гуманитардык жардам чогултулуп жатат. Ал үчүн республикалык штаб ачылып, ага шаар тургундары азык-түлүк, кийим-кече, дары-дармек жана башка зарыл оокаттарды тапшырууда. Аймактардан дагы жардам жөнөтүлүп жатат.

Жанылыктар