Баткенге жардам: Атайын эсепке 197 млн сом чогулду

 Баткенге жардам: Атайын эсепке 197 млн сом чогулду

21-сентябрь, саат 10:00гө карата Баткенге жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке 197 млн 3 миң 547,32 сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, атайын эсеп Баткен облусунун калкын колдоо максатында ачылган. Учурда дагы жардам чогултуу улантылып жатат.

Баткендеги чек ара жаңжалынын кесепетинен талкаланган турак жайлардын саны алдын-ала эсеп менен 364кө жетти. Учурда комиссия жаңжалда келтирилген чыгымды эсептеп жатат.

Жанылыктар