Баткенге Оштон жардам жөнөтүлөт

 Баткенге Оштон жардам жөнөтүлөт

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен Баткен облусуна гуманитардык жардам жөнөтүү боюнча иштер жүрүүдө.
Учурда Ош шаарынын мэриясы менен Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү биргеликте борбордук штаб түздү.
Жергиликтүү бийлик тарабынан жардам чогултуу башталды. Баткен элинин учурда негизги муктаждыктарын (азык-түлүк, буюм, керектелүүчү каражаттар) жөнөтүүгө басым жасалат.
Эл тарабынан жардам берүүнү каалагандар борбордук аянтка (мэриянын алды) алып келсе болот.
Байланыш үчүн:
Сонунбек Жунусбаев 0559 850 191
Эрлан 0999 929 790

Жанылыктар