Баткенге АКШдан гуманитардык жардам келди

 Баткенге АКШдан гуманитардык жардам келди

Баткенге АКШдан гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, жардам АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыгынын алкагында келди.

АКШнын Коргоо министрлигинин гуманитардык жүк ташуучу рейсиндеги гумжардамга керебеттер, матрацтар, шейшептер жана кышкы кийимдер кирди.

Жүк жакынкы күндөрү ӨКМ тарабынан жабыркагандарга бөлүштүрөт.

Жанылыктар