Баткендин тургундарына психологиялык жардам көрсөтүлүүдө

 Баткендин тургундарына психологиялык жардам көрсөтүлүүдө

Республикалык жана Оштогу психиатрия жана наркология борборлорунун адистери Баткендин тургундарына психологиялык жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Баткен районунун чек арага жакын жайгашкан айылдарынын эвакуацияланган тургундарына психиатр, психотерапевт жана клиникалык психологдордон турган 15 адис психологиялык жардам көрсөтүүдө.

Ошондой эле  тургундарга жеринде психологиялык жардам көрсөтүү үчүн Жалал-Абад облусунан дагы кошумча 5 адис Баткен облусуна жөнөп жатышат.

Жанылыктар