Баткендин Көк-Таш айылындагы окуя боюнча кылмыш иши козголду. Тажик тарап менен биргелешкен кайгуул түзүү сүйлөшүлдү

 Баткендин Көк-Таш айылындагы окуя боюнча кылмыш иши козголду. Тажик тарап менен биргелешкен кайгуул түзүү сүйлөшүлдү

ИИМ Баткен районунун Көк-Таш айылындагы окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Факты Баткен РИИБи тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) менен катталып, тергөө башталды. Жараат алгандарга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Ошондой эле, министр Улан Ниязбеков кечээ, 27-январда түндө тажик кесиптеши Рахимзода Рамазон Хамро менен чек арадагы соңку жаңжалга байланыштуу телефондон сүйлөштү. Аталган министрлик тараткан маалыматта, анда тараптар чек арада милициянын биргелешкен кайгуулун уюштурууну талкуулады.

Ал эми, Баткен милициясынын башчысы Мурат Боронов 28-январга караган түнү Согд облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Абдулло Навджувонов менен жолукту.

“27-январдан тартып Баткен жана Согд облусунун чек арлаш аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча бирдиктүү кайгуул иштери жүрүп жатат. Улан Ниязбеков Баткенде коомдук тартипти камсыздоого байланыштуу бардык аракеттерди көзөмөлдөөдө. Учурда Баткен районунун Төрт-Көчө айылындагы Ош-Исфана жолдору ачык”,- деп айтылат маалыматта.

Жанылыктар