Баткендин чек ара аймактарына көп кабаттуу үйлөрдү куруу пландалууда

Экономика жана соода министрлиги турак жай фондун көбөйтүү аркылуу Баткен районунун калктуу конуштарынын жашоочуларынын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча токтом долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.
Расмий өкүлдөр акыркы он жылдыкта кичи шаарларда жана айылдарда, өзгөчө өлкөнүн чек арага жакын аймактарында турак жайларды пайдаланууга берүү кыйла кыскарганын белгилешүүдө. Айыл жеринде арзан жана сапаттуу заманбап курулуш материалдары жок. Андыктан көпчүлүгү ылай жана самандан курулат. Бул заманбап стандарттарга жооп бербейт, аймактын сейсмикалык күчү эске алынган эмес.
Өкмөт Баткен облусунун чек арага жакын аймактарында жаңы турак жайларды курууну көбөйтүү өзгөчө маанилүү экенин белгиледи. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, жеке турак жай секторунун курулушунун темпине чек арага жакын аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн төмөндүгү таасирин тийгизүүдө.
Чек ара аймактарында көп кабаттуу жана бир кабаттуу үйлөрдү курууну баштоо пландалууда.
“Баткен районунун статусу жөнүндө” мыйзамга ылайык, турак жай фондун көбөйтүүгө муктаж калктуу конуштарды аймактык өнүктүрүү кеңеши аныктайт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары турак жай куруу үчүн жер тилкелерин инженердик коммуникациялардын болушу менен даярдашат.
Мамлекеттик ипотекалык компания менен Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги келишим түзүп, ага ылайык МИК инвестор, ал эми Мамкурулуш курулуштун жалгыз заказчысы болот.
Курулган турак жай жарандарга түздөн-түз төлөмдөрдү төлөө үчүн жеңилдетилген мөөнөт менен жана кийин сатып алуу менен өзүнчө ижара келишими боюнча берилет.
Курулуш МИКтин уставдык капиталынан 200 миллион сом өлчөмүндө каржыланат.