Баткендеги жаңжалда жабыркаган ишканаларды салыктардан бошотуу сунушталууда

 Баткендеги жаңжалда жабыркаган ишканаларды салыктардан бошотуу сунушталууда

Баткенде 14-17-сентябрдагы чек арадагы куралдуу кагылышуудан жабыркаган мекеме-ишканаларды жер жана мүлк салыгынан бошотуу жергиликтүү кеңештерге сунушталууда.

Социалдык фонддогу кемиген каражаттын ордун толтуруу милдети Финансы министрлигине тапшырылат.

Эске салсак, соңку чек ара жаңжалында Баткенде 640 турак жай талкаланган. Анын 423ү такыр жашоого жараксыз болуп калган, 217 үй оңдоп-түзөлүшү керек.

Мындан тышкары, 11 административдик, стратегиялык объектилер, 323 мал сарай, сегиз мектеп, эки бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт зыян тарткан. 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн.

Жанылыктар