Баткендеги турак жайларды калыбына келтирүүгө 100 млн сом которулду

 Баткендеги турак жайларды калыбына келтирүүгө 100 млн сом которулду

Баткен облусундагы кыргыз-тажик жаңжалында талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүүгө 100 миллион сом которулду. Бул тууралуу финансы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйналиев билдирди.

Анын айтымында, быйыл сентябрь айынан баштап өнүктүрүү программасына тескеме чыккан, анын негизинде 500 млн сом Баткен облусуна бекитилген. Бүгүнкү күндө Баткен облусуна жардам көрсөтүү үчүн жергиликтүү тургундарды колдоого, турак жайларды калыбына келтирүүгө жана башкаларга 100 млн сом, чек ара аймактарына 110 млн сом которулду.

“Мындан тышкары, капиталдык салымдар беренесинин көлөмү 3 млрд сомго көбөйтүлгөн. Бүгүнкү күндө Финансы министрлиги тарабынан 1 млрд сом бөлүндү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ал сумманы пайдалануунун жыйынтыгын эсептеп бизге сунушу менен кайрылат. Анын негизинде кошумча каражат бөлүнөт”, – деди ал.

Белгилей кетсек, атайын эсепке жарандардан түшкөн каражаттын суммасы 327 млн сомду түздү. Анын ичинен 84 млн сом которулган. Бөлүнгөн каражатты Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тескейт.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар