Баткендеги кырдаал боюнча акыркы маалымат

 Баткендеги кырдаал боюнча акыркы маалымат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы саат 19.00гө карата мамлекеттик чек аранын Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдады.

“Бүгүн, 18:20дан 18:50гө чейин Кыргызстандын Баткен районундагы Достук айылынын тушунда Тажик Республикасынын аймагында эки жолу ок атылган. Лейлек районунун Максат айылында жарандардын унааларына ок атылды делген жана Лейлек районунун Достук айылында ок атылды деген маалымат чындыкка дал келбейт”, – деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматы жарандарды социалдык түйүндөрдөгү ишеничсиз басылмалар жана ар кандай ушак-айың кептер менен коомчулуктун тынчын албай, тиешелүү органдар менен болгон маалыматтарды тактап чыгууга чакырат.

Жанылыктар