Баткендеги кагылышууда каза тапкан Эламан Ураимовдун сөөгү жерге берилди

 Баткендеги кагылышууда каза тапкан Эламан Ураимовдун сөөгү жерге берилди

Баткендеги куралдуу кагылышууда каза тапкан Эламан Ураимовдун сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев билдирди.

Эламан Ураимов Кара-Суу районунун Савай айылынын тургуну, 1994-жылы туулган. Маркум Кыргызстандын аскер кызматында командир батальон катары иштеп жаткан. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу болчу. Артында жубайы, бир уул, бир кызы калды.

Эламан Ураимов кыргыз-тажик салгылашында барымтага түшүп калып, граната менен өзүн-өзү жардырып, 5-6 тажикти кошо ала кеткени айтылды.

Акыркы сааттарга карата, тажик тараптын куралдуу кол салуусунан улам 36 жаран каза таап, 129 жаран жаракат алганы кабарланды.

Жанылыктар