Баткендеги ишканалар беш жылга салыктан бошотулат

Бүгүн, 22-февралда Баткен облусунда өткөн министрлер кабинетинин көчмө жыйынынын жүрүшүндө төрага Акылбек Жапаров аймакта жайгашкан бир катар өндүрүш обьектилерин кыдырып чыкты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анын алкагында «Кант түтүк-шифер ишканасы» ЖЧК тарабынан курулган шифер чыгаруучу заводго барып, учурдагы иши, өндүрүштү мындан ары өнүктүрүү жана кеңейтүү пландарын талкуулады.
Жапаров белгилегендей, аталган завод мыкты менеджердик ишти алып баруунун үлгүсү болуп саналат.
«Биз ар дайым ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоого аракет кылабыз. «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамдын алкагында ишканалар 5 жылга салык төлөөдөн бошотулат. Биз өнөр жайды өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзүүгө даярбыз», — деди ал.
Аталган шифер заводунун продукциясы Кыргызстандын аймагында гана эмес, коңшу мамлекеттерге – Тажикстанга жана Өзбекстанга да экспорттолот.