Баткендеги чек ара жаңжалында каза тапкандардын саны 62ге жетти

 Баткендеги чек ара жаңжалында каза тапкандардын саны 62ге жетти

Саламаттык сактоо министрлиги Баткен облусунда куралдуу кагылыштан каза болгондордун саны 62 адамга жеткенин билдирди.

Ал эми 198 жаран денелеринен түрдүү жараат алган. Алардын ичинен 13ү жаш балдар.

Учурда Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө жаткан үч бейтаптын абалы туруктуу. Калгандарынын абалы орточо жана салыштырмалуу канааттандырарлык деп айтылууда.

Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар.

Жанылыктар