Баткенде журналисттин өлүмүнө байланыштуу Батмакан Жолдубаева кармалды

 Баткенде журналисттин өлүмүнө байланыштуу Батмакан Жолдубаева кармалды

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, 25-мартта Баткен шаарынын тургуну 1984-жылы туулган Арзыгүл Галымбетова Баткен ОИИБне келип “Батма-бат” ютуб каналында иштеген блогер кыз менин аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат деген таризде арыз менен кайрылган.

Бул арыз Баткен ОИИБнын маалыматтардын электрондук журналына катталат.

“Ошол эле күнү тактап айтканда 25-март күнү арыздануучу чыр-чатактан соң, ден соолугу начарлап саат 20.00дөр чамасында Баткен облустук бириккен борбордук ооруканасынын неврология бөлүмүнө кайрылат. Арзыгүл Галымбетовага дарыгерлер жардам көрсөткөндүгүнө карабай ден соолугу начарлап, ошол эле түнү каза болуп калат”,- деп айтылат милициянын маалыматында.

Бул факты боюнча арыздануучунун арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 127-беренеси (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Тергөө иштеринин негизинде Баткен шаарынын тургуну 33 жаштагы тургуну Б.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жанылыктар