Баткенде жоокер өзүн атып алды. Учурда ал ооруканада

 Баткенде жоокер өзүн атып алды. Учурда ал ооруканада

Баткен облусунда “Илбирс” атайын багыттагы бөлүгүнүн жоокери өзүн көкүрөк тушка атып алды. Бул маалыматты Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматта айтылгандай, жоокер ооруканага жаткырылды. Окуя 5-октябрга караган түнү болгон. Жабырлануучунун абалы жана окуянын чоо-жайы азырынча айтыла элек.

Белгилесек, акыркы эки айда кыргыз армиясында кызмат өтөп жаткан төрт аскер каза тапты.

Өткөн айда Акыйкатчы институту атайын жумушчу топ түзүп, акыркы беш жыл ичиндеги жоокерлердин өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулукту иликтеп жатат.

Жанылыктар