Баткенде жол кырсыгынан сегиз адам көз жумду. Окуя териштирилүүдө

 Баткенде жол кырсыгынан сегиз адам көз жумду. Окуя териштирилүүдө

Баткен облусунда жол кырсыгынан 8 адам каза болуп, бирөө ооруканага түштү. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 22-ноябрда саат 19:30дар чамасында Кадамжай районундагы Ош – Раззаков жолунда катталган. Анда “Мерседес-Спринтер” унаасы менен “Опел Вектра” унаасы кагылышып, натыйжада 8 адам каза болуп, дагы бирөө Баткен облустук бириккен ооруканасына түшкөн.

Облустук милиция окуянын чоо-жайын териштирип жатат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар