Баткенде жерлерди мыйзамсыз ажыратып берген кызмат адамдары жоопко тартылды

 Баткенде жерлерди мыйзамсыз ажыратып берген кызмат адамдары жоопко тартылды

Баткен районуна караштуу Кара-Бак айыл өкмөтүндө жерлерди мыйзамсыз ажыратып берген кызмат адамдары жоопко тартылды. Бул тууралуу башкы прокуротуранын басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, Баткен районуна караштуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы “Х.С.” аттуу жаран менен жең ичинен сүйлөшүүгө барып, ага айыл чарба багытындагы жерлердин жайыт түрүнө кирген 19 млн. 200 миң сом деп бааланган 10 га жер тилкесин мыйзамсыз ажыратып берген. Ал эми, аталган жаран жердин кыртышын бузуп, мамлекетке 464 миң 400 сомдук зыян келтирген.

Жүргүзүлгөн тергөөнүн жыйынтында, жер тилкени мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп жиберген жооптуу адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылып, келтирилген зыян толук өндүрүлүп, кылмыш иши соттун кароосуна жиберилди

Жанылыктар