Баткенде жер титиреди

 Баткенде жер титиреди

Бүгүн, саат 02:29да Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында сейсмология институтунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жер титирөө Лейлек районунун Жаңы-Турмуш, Катран, айылдарында 4 балл, Лейлек, Тогуз-Булак, Маданият айылдарында 3,5 балл, Сүлүктү шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Бактыга жараша, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Жанылыктар