Баткенде “Жашыл чек ара” долбоорунун алкагында 100 гектар жерге көчөт отургузулат

 Баткенде “Жашыл чек ара” долбоорунун алкагында 100 гектар жерге көчөт отургузулат

Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылында “Жашыл чек ара” кооперативдик интенсад долбоору ишке ашырылууда. Бул туурасында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. 

Долбоордун алкагында айыл чарба багытындагы 100 гектар жерге интенсивдүү (тез өсүүчү) алма, алмурут, нектарин жана алча бактары отургузулат.

Кооператив көчөттөрдү отургузуу үчүн атайын техника менен жабдылып, тамчылатып сугаруу системасы менен өнүктүрүлөт. Ошондой эле чогултулган продукцияны сактоо үчүн сыйымдуулугу 5000 тоннага чейинки негизги сактоочу жайды, анын ичинде жуугуч, сорттоочу, калибрлөөчү жана таңгактоочу жабдуулар үчүн жайларды куруу күтүлүүдө.

“Өстүрүлгөн продукция экспортко багытталып, ошондой эле республиканын базарларында жана супермаркеттеринде атайын текчелер аркылуу сатылат”,-деп айтылат маалыматта.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар