Баткенде жараксыз делген турак жайлардын бардыгы бузулуп, таштандылар чыгарылды

 Баткенде жараксыз делген турак жайлардын бардыгы бузулуп, таштандылар чыгарылды

14-17-сентябрдагы чек ара чырында Баткен облусунда 661 турак жай талкаланган. Анын ичинен 423ү жараксыз деп табылган.

ӨКМ бүгүн, 14-октябрга карата жараксыз делген үйлөрдүн бардыгы бузулуп, орду тазаланганын кабарлады.

Жумуштун жүрүшүнөн жалпы 112 миң 587 куб метр таштанды чыгарылган.

Белгилесек, бийлик конфликттен улам талкаланган үйлөрдүн ордуна жаңылары үч айдын ичинде курулуп бүтөт деп билдирүүдө.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар