Баткенде жараксыз делген 398 турак жай бузулуп, орду тазаланды

 Баткенде жараксыз делген 398 турак жай бузулуп, орду тазаланды

Баткенде чек ара жаңжалынан улам жараксыз абалга кептелген 398 турак жай бузулуп, орду тазаланды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Жарандык коргонуу коммиссиялары облуста 661 турак жай жабыркаганын тактаган. Анын ичинен 423ү жараксыз деп табылган.

Анын ичинен Баткен району боюнча жараксыз абалга келген 322 үйдүн 296сынын орду тазаланды.

Ал эми Лейлек району боюнча 101 үй жараксыз болуп, ӨКМ 92, жергиликтүү бийлик 9 турак үйдү  бузуп, 16 770 м3 курулуш таштандыларын чыгарышты.

Жанылыктар