Баткенде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү курал жана баңгизат менен кармалды

 Баткенде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү курал жана баңгизат менен кармалды

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармап, үйүн тинтүү учурунда ок атуучу курал менен баңгизат табышты. Бул тууралуу милициянын басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, милицияга Баткен шаарындагы жергиликтүү тургун  баңгизатты мыйзамсыз сактап жүрөт деген маалымат түшкөн. Маалымат кылмыштардын бирдиктүү реестрине  катталып, Кылмыш-жаза кодексинин  283-беренеси  (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо)  менен кылмыш иши козголгон.

“Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп,  милиция кызматкерлери баңгизатты мыйзамсыз сактоого шектелген жарандын өздүгүн такташкан. Шектүү мурда бир нече жолу соттолгон Баткен шаарынын жашоочусу 55 жаштагы А.Р. экендиги аныкталды.  Жаран А.Р. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат”,- деп айтылат маалыматта.

Кармалган жарандын үйүн  тинтүү жүргүзүү учурунда 12-калибрлүү ок атуучу курал, 9 бирдик патрон, 45 грамм марихуана табылган. Кармалган жаран опуза талап кылуу, ден соолукка атайылап оор зыйын  келтирүү,  бейбаштык жана башка беренелер боюнча он бир жолу соттолгону аныкталган.

Учурда кармалган жарандын башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгын тактоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Жанылыктар