Баткенде талкаланган 280 турак жайдын орду тазаланды

 Баткенде талкаланган 280 турак жайдын орду тазаланды

6-октябрга карата Баткенде чек ара жаңжалында талкаланган 280 турак жай бузулуп, орду тазаланды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, жалпы жумуштун көлөмү 73 923 м3ду түздү. Талкаланган үйлөрдүн ордун тазалоого 200дөн ашык куткаруучу, 28 техника тартылган.

14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагышууда Баткендеги 661 үй жабыркаган. Анын 423ү жашоого жараксыз, 238и ондоп түзөөгө муктаж.

Мындан тышкары,  11 административдик, стратегиялык объект, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, 61 унаа  жана унаа өтүүчү 1 көпүрө жабыркаган.

Жанылыктар