Баткенде талкаланган үйлөрдүн ордуна жаңыларын куруу кечеңдөөдө

 Баткенде талкаланган үйлөрдүн ордуна жаңыларын куруу кечеңдөөдө

Баткенде талкаланган үйлөрдүн ордуна жаңыларын куруу кечеңдеп жатат. Бул тууралуу “Ынтымак”, “Ишеним” жана “Элдик” парламенттик фракцияларынын кошмо жыйынында депутат Нурлан Ражабалиев билдирди.

Депутат жарандардан курулушту баштоону тездетүү өтүнүчү боюнча тынымсыз кайрылуулар келип жатканын айтты.

“Мамлекеттик курулуш агенттиги ар бир турак жайдын курулушуна үч миллион сомдон каралды деп билдирген. Эми эки миллион сомго түшүрүптүр. Анда дагы барган усталар ишти баштай электигин жергиликтүү тургундар билдирип жатышат. Кыш келип калды. Эртелетип бул маселени чечип бериңиздер”,-деди эл өкүлү.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев жакын арада төрага Акылбек Жапаров Баткен болусуна иш сапары менен барып, көйгөйдү чечүүгө көмөктөшөөрүн белгиледи.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар