Баткенде саламаттыкты сактоо уюмдары күчөтүлгөн режимге өттү

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиргендей, облустагы бардык саламаттыкты сактоо уюмдары күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү.
Маалыматка ылайык, учурда 10 тез медициналык жардам бригадасы, кан жана компоненттер даярдалган.
Баткен облустук бириккен ооруканасына Кадамжай шаардык жалпы дарыгерлер практика борборунан хирург, реанимация адиси жана травматологдон турган дарыгерлер тобу жана Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгерлер практика борборунан дагы бир бригада келди.
Ошондой эле Ош облусунан да дарыгерлерден турган эки бригада келе жатат.