Баткенде подполковник Мухамадиевдин өлүмүнө шектүү жаран кармалды

 Баткенде подполковник Мухамадиевдин өлүмүнө шектүү жаран кармалды

Шектүү жаран

Баткен облустук милициясынын жетекчисинин орун басары Аскарали Мухамадиевди өлтүрүүгө шектелип, анын 34 жаштагы жээни кармалды. Бул тууралуу милициянын басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка караганда, 27-март күнү саат 11.17 чамасында Баткен облустук милициясына облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө көкүрөгүнөн жараат алып, 1974-жылы туулган М.А нин каза болгондугу боюнча маалымат келип түшөт.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барган учурда Баткен ОИИБнын начальнигинин орун басары милициянын подполковниги А.М.дин жансыз денесин белгисиз атуулдар “Honda Odyssey” үлгүсүндөгү автоунаада жандандыруу бөлүмүнө таштап кетишкендигин билдиришкен.

Бул факты Баткен ШИИБне Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

“Териштирүү иштеринин жүрүшүндө мурда бир нече жолу жолу соттолуп, жакында кылмыш жазасынан бошоп келген Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын 34 жаштагы тургуну Н.С. маркум М.Анын жээни учтуу нерсе менен көкүрөк тушуна сайгандыгы аныкталды”,- деп билдирди милициядан.

Баткен ОИИБнын жана Баткен район-шаардык ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, кылмыштын изи сууй электе Кадамжай шаарынын Пульгон айылынан кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында изин жашырып жүргөн жеринен 34жаштагы Н.С. жана анын кылмыштуу шериктери кармалды.

Азыркы күндө алынган учтуу зат боюнча экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жанылыктар