Баткенде мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар менен жардыруучу түзүлүш табылды

 Баткенде мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар менен жардыруучу түзүлүш табылды

Баткен милициясы Кадамжай районунун 29 жана 25 жаштагы жарандары эки даана сайсыз ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүрүшкөндүгүн аныктап, тергөө иштерин баштады. 

Милициянын маалыматына ылайык, аталган факты боюнча соттук-баллистикалык экспертизанын корутундусуна чыгып, жыйынтыгында аталган ок атуучу куралдар 16-калибрлүү жана атууга жарактуу экендиги аныкталган.

Мындан сырткары Лейлек районунун Исфана шаарында УКМКнын чек ара кызматкери Интернационал айылына жакын жердеги талаадан жергиликтүү тургундар снаряд таап алышканын маалымдаган. Текшерүүдө “Козу-Баглан” суу каналынын ичинен  РПГ-7В үлгүсүндөгү гранатаметтун 2 снаряды табылган.

Окуя тиешелүү адистер жардыруу иштерин жүргүзүп, соттук-баллистикалык экспертиза дайындалган.

Ички иштер министрлиги жарандар ок атуучу куралдардын ээси болбосо, аны сактоого, колдонууга уруксат берилбээрин эскертет. Ок атуучу куралдарды өз эрки менен тапшыруу максатында ички иштер органдарына баруу милдеттүү эмес, милицияга телефон аркылуу чалуу жетиштүү. Милиция өз эрки менен тапшыргандар кылмыш жоопкерчилигине тартылбай турганын эскертет.

Жанылыктар