Баткенде соода түйүндөрүнүн, коомдук тамактануу жайларынын иши жанданды

 Баткенде соода түйүндөрүнүн, коомдук тамактануу жайларынын иши жанданды

Баткенде калкты тейлөө борборлору, соода түйүндөрүнүн жана коомдук тамактануу жайларынын иши жанданды. Бирок мектеп жана бала бакчалар иштей элек. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев билдирди.

Тулаев жергиликтүү калк тамак-аш жана азык-түлүккө муктаж болуп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, тажик тараптын куралдуу кол салуусунан улам жергиликтүү тургундардын үйлөрү өрттөлүп, тонолгон.

Учурда келтирилген чыгымдын көлөмүн эсептөө боюнча атайын топ иш алып барууда.

 

Жанылыктар