Баткенде мал уурдоо боюнча 16 фактынын бети ачылды

Кадамжай районунда мал уурулук боюнча 16 фактынын бети ачылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдирлди.
Маалыматка ылайык, мал уурулук боюнча 16 фактынын бети ачылып, Кыргызстандын жана Өзбекстанстандын жарандарынан биргелешип түзүлгөн топ кармалды. Жалпысынан Ак-Турпак айыл аймагынан 61 баш бодо мал уурдалып, жабырлануучуларга 2571000 сом зыянга учураган.
Кадамжай районунун Ак-Турпак айылынын 23 жаштагы А.О., Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун Риштан районунун 20 жаштагы М.А., 22 жаштагы А.К., 21 жаштагы Х.И. жана 30 жаштагы Т.М. аттуу тургундары аныкталып кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.