Баткенде мөндүр аралаш жамгыр жаап, 10 гектар эгинди сел алды

 Баткенде  мөндүр аралаш жамгыр жаап, 10 гектар эгинди сел алды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында мөндүр аралаш жамгыр жаап, Жусубалиев көчөсүндөгү балдар бакчасын жана бир турак үйдүн короосуна суу толуп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жерине шаардагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2 бөлүмүнүн 6 куткаруучусу тартылган. Материалдык чыгым жана жабыр тарткандар болгон эмес.

Ал эми Баткен районунун Таян айылында сайдан суу ашып, бир чакырымга жакын ички чарбалык жолдун айрым бөлүктөрү, 10 гектарга жакын эгинди сел алган. Болжол менен бир чарчы метр арык кум жана шагылга толгон.

Жеринде аймактык жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүрүүдө.

Жанылыктар