Баткенде кыргыз жараны Тажикстанга мыйзамсыз телевизор алып өтүүгө аракет кылган

 Баткенде кыргыз жараны Тажикстанга мыйзамсыз телевизор алып өтүүгө аракет кылган

Баткнде мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз товарларды өткөрүүгө бөгөт коюшту. Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендей, чек арачылар тарабынан Баткен облусунун Лейлек районундагы Достук конушунун кире беришинен 1989-жылы туулган Кыргызстандын жараны Х.Ж.нын башкаруусундагы «Мерседес Бенц -Спринтер» үлгүсүндөгү унааны токтотулган.

Унааны текшерүү учурунда мыйзамсыз ташалып бара жаткан 230 куту телевизор табышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, жүк Тажикстандын аймагына андан ары ташуу үчүн алынгандыгы белгилүү болгон.

Аталган жаран өзүн өтө агрессивдүү алып жүргөн жана жаңжал чыгарууга аракет кылган. Ал буга чейин эки жолу коңшу мамлекетке мыйзамсыз жүк ташыгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана мал андан ары териштирүү үчүн тиешелүү кызмат адамдарына өткөрүлүп берилди.

Жанылыктар