Баткенде аткезчилик менен жүк ташып бараткан кыргыз жарандары кармалды (сүрөт)

Кечээ, 21-январында Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Галча айылында (Өзбекстандын Чоң-Кара анклавынан чыга беришинде) Кыргызстандын чек ара кезмети Бажы кызматы жана УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте Кыргызстандын 1991-жылы туулган Д.Т. аттуу жаранынын башкаруусунда “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунааны кармашкан.
Унааны текшерүү учурунда Өзбекистанда чыгарылган идиш-аякты аныкташкан. Айдоочу бул жүктөрдү Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.
Ушул эле күнү Баткен районунун Ак-Өтүк айылында Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын Чоң-Талаа айлында жайгашкан стационардык постту айланып өтүп Өзбекистандын Сох анклавына 2800 кг лимонду алып кирүүгө аракет кылышкан Кыргызстандын 1981-жылы туулган П.Г., 1986-жылы туулган И.Т. жана 2006-жылы туулган Э.Р. атуу жарандарын жана аларга тиешелүү болгон “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү автоунаасын Кыргызстандын атайын кызматына өткөрүп беришкен.
Кармалган жарандар жана жүктөр териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.