Баткенде кырдаал салыштырмалуу туруктуу

 Баткенде кырдаал салыштырмалуу туруктуу

Бүгүн, 22-сентябрда саат 08:30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, түн тынч өтүп, эч кандай окуя катталган эмес.

“Чек арага жакын аймактардагы жарылбай калган заттарды зыянсыздандыруу иштери жүрүп жатат. Тараптардын жумушчу комиссиялары кырдаалды басаңдатуу жана кошумча аскер техниканы туруктуу жайгашкан жерлерине кайтаруу жөнүндө макулдашуулардын аткарылышын текшерүү боюнча чараларды көрүүнү улантууда”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилесек, 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан улам жараат алгандардын саны 185ке жетип, 59 жаран мерт кетти.

Алдын-ала эсеп менен 364кө жакын турак жай талкаланып, өрттөнгөн.  Учурда комиссия жаңжалда келтирилген чыгымды эсептеп жатат.

Жанылыктар