Баткенде контрабандалык жүк ташыган унаа конфискацияланды

 Баткенде контрабандалык жүк ташыган унаа конфискацияланды

Баткенде контрабандалык жүк ташыган унаа конфискацияланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Билдирүүгө караганда, ушул жылдын 7-октябрында Баткендин Кара-Бак айылынын чек ара тилкесинде Кыргызстандын  И.К.А. аттуу жаранынын башкаруусундагы  “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаа кармалып, анын ичинен көп сандагы «насвай» табылып алынган.

Аталган фактынын негизинде бажы кызматынын “Баткен” бажысы тарабынан 372-1-берененин 1-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголгон.

Баткен райондук соту контрабандага каршы күрөшүүгө багытталган чараларды күчөтүү боюнча тапшырмасына ылайык, И.К.А. күнөөлүү деп табылып, унаасын мамлекетке чегерүү чечими чыгарылды.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар