Баткенде интернет байланыштын 70 пайызы калыбына келтирилди

 Баткенде интернет байланыштын 70 пайызы калыбына келтирилди

Баткенде интернет байланыштын 70 пайызы калыбына келтирилди. Бул тууралуу “Кыргызтелеком” ААКсынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Максат Мажитов билдирди.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам 16-сентябрда “Кыргызтелекомдун” Лейлек тарапка кеткен магистралдык кабели жабыркаган.

“Лейлекке резервдик радиолиниялык станция аркылуу интернет жеткирилип турду, бирок барына эмес. Ылдамдыктын аздыгына байланыштуу айрым абоненттерди өчүрүүгө туура келди”, – деди Мажитов.

Ал ошондой эле чек ара кагылышуусу орун алган күндөн тартып Баткен району боюнча 116, Лейлек району боюнча 77 абоненттин интернети ар кандай себептерден улам иштебей калгандыгын билдирди.

“Анын ичинен Баткен району боюнча 17 мектеп, 7 интернет таркатуучу жабдуулар, 1 базалык станция, 1 санариптик станция иштебей калган. Лейлек району боюнча 7 мектеп, 6 интернет түйүнү иштен чыккан. Учурда 70 пайызы оңдолуп, бүгүнкү күндө иштеп жатат”, – деди Максат Мажитов.

 

 

Жанылыктар