Баткенде ички каттам калыбына келтирилди

 Баткенде ички каттам калыбына келтирилди

Баткенде облус менен райондорду жана айылдарды байланыштырган ички каттамдар калыбына келтирилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев билдирди.

Анын айтымында, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан куралдуу кагылышуу учурунда жабыркаган жолдор жана көпүрөлөр калыбына келтирилип, пайдаланууга берүү иштери жүрүүдө.

“Облус менен райондорду бириктирген атайын каттамдар жанданып, ишмердүүлүк жүргүзүлүүдө”, – деди Тулаев.

Жанылыктар