Баткенде эвакуация болгон жарандар туруктуу жашаган жерине кайтып келишүүдө

 Баткенде эвакуация болгон жарандар туруктуу жашаган жерине кайтып келишүүдө

Баткенде чек ара жаңжалынан улам үйлөрүн таштап кеткен 13 миң 757 жаран туруктуу жашаган жерине кайтып келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, куралдуу жаңжал учурунда облус аймагынан жалпы 136 миң 770 адам эвакуация болгон. Анын ичинен 113 миң 803 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө эвакуацияланган, 4 миң 671и атайын эвакуациялоо пункттарына жайгаштырылса, 4 миң 539 жаран башка аймактарга чыгып кеткен.

14-17-сентябрда Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам 59 адам мерт кетип, 198 адам жабыркаган. Ошондой эле турак-жайлар, экономикалык жана социалдык объектилер, ошондой эле турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу объектилер талкаланып, зыянга учураган.

Жанылыктар