Баткенде электр зымдарын контрабандалык жол менен алып өтүү фактысы аныкталды

Баткен облусунда 7-март күнү С.М.С. аттуу жарандын башкаруусундагы ак түстөгү “Фольксваген Крафтер” үлгүсүндөгү унаа кармалган. Текшерүү учурунда унаанын ичинен баасы 500 миң сомдон ашык, Тажикстандан чыгарылган электр зымдары түрүндөгү контрабандалык жүк табылды.
УКМКдан билдиришкендей, ал Лейлек районунан чыгып Кыргызстандын аймагына кирип келе жаткан.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жогорудагы жарандын мыйзамсыз иш-аракеттери документтештирилип, унаасы жана жүктөрү унаа токтотуучу жайга, сактоого коюлду.
Маалыматта айтылгандай, бул факты боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.