Баткенде электр чубалгылары калыбына келтирилүүдө

 Баткенде электр чубалгылары калыбына келтирилүүдө

Баткен облусунда электр чубалгыларын оңдоп-түзөө  иштери башталганын “Ошэлектро” ишканасынан билдирди.

Баткен РЭТинин 2 топтон түзүлгөн  оңдоо бригадасы   оперативдүү түрдө жумуштарын баштап, күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

Мындан сырткары атайын унаа техника жана керектүү каражаттар тартылды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам Баткен районунун   “Ак-Сай”, Көк-Таш”, “Орто-Боз”, “Жаңы-Бак”, “Таш-Тумшук”, “Көк-Терек” айылдарында 10 кВ аба чубалгысы 2 жерден үзүлүп, электр энергиясын үзгүлттүккө  учураган. Аймакта  1402 абонент, жалпы жети конуш электр жарыгысыз калган эле.

Милиция кызматкерлери энергетиктердин коопсуздугун камсыздап, жеринде иш алып барууда.  Жакынкы сааттарда ар бир үйгө электр энергиясы берилери ишкана тараткан маалыматта айтылды.

Жанылыктар