Баткенде эл аралык баңгизатын жүгүртүүгө тиешеси бар өзбек жараны кармалды (сүрөт)

Кыргызстандын аймагында баңги каражаттарынын көмүскө каналдарынын ишмердигине каршы аракеттенүү жана аныктоо боюнча жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган иш-чаранын алкагында 22-февраль күнү Кадамжай районунан Марказ айылынан Өзбекстан Республикасынын К.Б.Г. аттуу жараны кармалган.
Шектүүнү текшерүү учурунда 3 килограмм гашиш жана 100 грамм апийим табылып алынган. Азыркы учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.